Социалдык фонддун төрагасы кызматынан кетти
Уланбек Асанов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.