ЕРӨБ Кумтөр боюнча тынчсыздануусун билдирет

ЕРӨБ Кумтөр боюнча тынчсыздануусун билдирет

Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) КРнын парламенти бүгүн 17-майда «Kumtor Gold Company» ишканасын мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу процессин баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин айтып, терең тынчсыздануусун билдирди.

 «Кандай гана чечим болбосун, ал КРнын эл аралык өнөктөштөрдүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек келтирет. Бул өлкөнүн экономикасынын калыбына келишине жана инвесторлордун иштеши үчүн коопсуздук кадыр-баркына тобокелчилик жаратат», – деп айтылат билдирүүдө.

ЕРӨБ өз акционерлери, башка эл аралык каржы институттар жана чет өлкөлүк, ата мекендик ишкерлер менен биргеликте тыгыз иштегенин жана  мындай аракеттердин терс таасирине алардын көңүлүн буруу менен бирге алардын реакциясын жумшартуу боюнча иш алып бараарын айтат.

ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын бийлиги менен биргеликте инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш алып барууну, жана ошондой эле адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө турган инвестицияларды алып келүүнү көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү