«Кумтөр» боюнча сот иштери сомго кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн – УБ
«Кумтөр» боюнча сот процесстери улуттук валютага кыйыр таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 19-майда парламенттик жыйында УБтын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Абдыгуловдун айтымында, кыргыз сому эркин жүгүртүүдө жана «Кумтөргө» байланган эмес» – деп кабарлайт 24.kg.
«Ал 1993-жылы киргизилген жана наркы базар баасынан улам келип чыккан. Соттук иштер валютага түз болбосо да кыйыр таасир этиши мүмкүн. Көбүнчө, чет өлкөлүк инвестициялардын агымы, капиталдын ички агымы, акча которуулар – баары комплекстүү болушу мүмкүн», – дейт ал.
Улуттук Банктын башчысы кошумчалагандай, регулятордун эл аралык резерви 2.7 млрд $ды түзөт жана бул алты айга жетет.