Январдан бери доллар биринчи жолу 84 сомдон ылдый түштү
Кыргызстанда январь айынан бери биринчи жолу доллар 84 сомдон ылдый түштү. Бишкекте бүгүн 19-майга карата америкалык валютанын орточо курсу – 83.94 сомду түздү.
valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында саат 9:50дө 83.9 сомдон сатылып, 83.6 сомдон алынды.
Эскерте кетсек, бул жылы Улуттук банк алты жолу доллар сатты. Алты интервенцияда эле доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 270.45 млн $ сарптады.