Микрокредит алуучулардын саны барган сайын көбөйүүдө

Микрокредит алуучу кыргызстандыктардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Ошондой эле 2021-жылдын I кварталында микрокредиттердин 24%га жакынын Ош облусунун тургундары алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилген, муну менен бирге алуучулардын саны 168,4 миң адамды түзгөн. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 23,4%га көбөйгөн.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 23,8 %ы) жана Жалал-Абад облустарына (17,3%ы), ошондой эле Бишкек ш. (14,5%ы) туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36,3%ы – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 30,2%ы – керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11,5%ы – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталган.

«Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көбөйүү менен 89%ды түздү», – деп билдирет Улуттук статком.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди.  Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди. "Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана