Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бизнес пандемиядан чыга элек – мамлекеттен колдоо дагы деле талап кылынууда. ТАЛДОО

Назира Абдиева

КРгы Америка соода палатасы палатанын мүчөлөрүнүн арасында коронавирус пандемиясынын бизнеске тийгизген таасири тууралуу чоң сурамжылоо жүргүзүп, анын натыйжасында, кризистен кантип чыгуу жөнүндө маанилүү сунуштарынын тизмесин түздү. Талдоолор көрсөткөндөй, учурда тыянактар өтө жакшы эмес жана кыргызстандын ишкерлерине пандемияга чейинки өндүрүшкө кайтып келүүсү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Пандемиянын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн өкмөттөн бир канча колдоо чаралары талап кылынат. Биринчи кезекте, салыкты азайтуу, компанияларга, жеке ишкерлерге түздөн-түз колдоо көрсөтүү жана суроо-талапты жаратуу үчүн экономикага түрткү берүү керек.

КРнын ишкерлеринин кандай муктаждыктары бар, капиталды өстүрүүгө жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө мамлекеттен кандай чаралар көрүлүүгө тийиш – КРдагы  Америка соода палатасынын төмөндөгү серебине назар салыңыз.


Маалымдама. Пандемиянын кесепеттери тууралуу сурамжылоого Америка соода палатасынын элүүдөй ишкана мүчөлөрү катышкан. Жоопторду экономиканын түрдүү 15 тармагынан (аудит, консалтинг, юридикалык кызматтар, банк, курулуш ж.б.) чакан, орто жана ири ишканалар беришкен. Сурамжылоо (CIPE) Эл аралык жеке ишкерлер борборунун колдоосу менен жүргүзүлдү.

«Кыргызстандагы Америка соода палатасынын компания-мүчөлөрүнүн пандемия жана андан кийинки мезгилдердеги ишмердүүлүгүнө сереп» менен бул жерден таанышсаңыз болот:


Пандемиянын таасирин баалоо

КРгы Америка соода палатасынын талдоосуна ылайык, пандемия учурунда ишканалардын ишкердүүлүгүнө үч негизги фактор таасир эткен

#1

Ишканалардын 54%ы товарлардын жана кызматтардын төмөндөп кетүүсүнө дуушар болуп, натыйжада, бул ишканалардын кирешесинин төмөндөшүнө алып келген

#2

Ишканалардын 45%ы мыйзамдык чектөөлөрдүн таасирине толук же олуттуу түрдө дуушар болушкан

#3

Ишканалардын 37%ы кам азык жана чийки заттардын жетишсиздигине же ташылып келүүсүнүн үзгүлтүккө учурашына дуушар болушкан. 


Ишканалардын ишине пандемиянын тийгизген кесепеттерин азайтуу үчүн эң көп төмөндөгүдөй чаралар көрүлгөн.

  • Ишканалардын 86%ы административдик чыгымдарды жана жумушчуларга кеткен чыгымдарды кыскартышкан
  • Ишканалардын 51%ы учурдагы жана стратегиялык инвестицияларды кийинкиге калтырышкан
  • Ишканалардын 41%ы жаңы бизнес багыттарды түзүшкөн

Ошондой эле ишкерлер жумушчулардын эмгек акысын төмөндөтүүгө, операцияларды кыскартууга, капиталды айлантууга алынчу кредиттерди токтотуп турууга жана жаңы экспорт мүмкүнчүлүктөрүн ачууга барышкан. Ишин толугу менен токтотууга сурамжыланган ишкерлердин 10%ы мажбур болгон.


Ошол эле учурда пандемия кыргызстандык ишкерлердин ишмердүүлүгүнө дагы деле таасир этүүдө. Жакынкы 2-5 айда бизнес дуушар болуучу бир канча чоң көйгөйлөр бар.

  • 49% ишкерлер белгилегендей, алардын кызматтарына жана товарларына болгон талап төмөндөшү мүмкүн
  • Ишканалардын 41%ы жумушчуларды кармап калуу маселесине туш келиши ыктымал
  • Ишканалардын 38%ы кам азыктардын жетишсиздигине же аларды алып келүү көйгөйүнө дуушар болуусу мүмкүн
  • Катышуучулардын 35%ы жакынкы айларда дебитордук карыздарды чогултууга туш болоорун белгилешкен
  • Ишканалардын 34%ы айлантуудагы каражаттардын жетишсиздиги күтүлөөрүн билдирген
  • Сурамжылоого катышкан ишкерлердин 30%ы укуктук чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экендигин айтышкан

Божомол

КРгы Америка соода палатасынын негизги талдоосунда, ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн деңгээли – пандемияга чейинки абалына келүүсүнө чейин канча убакыт керектелээри тууралуу божомолдор айтылат.

Сурамжыланган ишканалардын 34%ы мурдагы өндүрүмдүүлүгүнө кайтуусу үчүн 7 айдан 1 жылга чейинки убакыт керектелет деген. Ишкерлердин 15%ы гана бизнесин калыбына келтирүү үчүн 1-6 ай кетээрин айтышкан. Ишканалардын 13%ы 2-3 жылда десе, сурамжылоого катышкандардын 4%ы 5 жылдан да көп кетээрин билдиришкен. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, ишканалардын 34%ы 2020-жылы ишмердүүлүгүндө эч кандай төмөндөө болгон эмес. 

Пандемияга чейинки өндүрүштүн натыйжалуулугуна кайтып келүүгө болгон божомолдор

Бизнес өкмөттөн эмнени күтөт?

Кыргызстандык ишкерлердин пандемиянын кесепеттери менен күрөшүүсү үчүн бийликтин бир канча чаралары жардам бере алмак.

Салыктар

Биринчи кезекте, ишкерлер жана салык салуу маселелеринде колдоо күтүшөт. Колдоо чаралары төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

  • Салыктык милдеттенмелерди кийинкиге калтыруу
  • Салык жүгүн азайтуу
  • Салык өргүүлөрүн жана салык льготаларын киргизүү
Ишканаларга жана жеке ишкерлерге жардам

Экинчи маанилүү жагдай – бул ишканаларды, жеке ишкерлерди колдоо жана аларга жардам берүү

  • Карыздарды төлөөдө жардам берүү
  • 2 жылга чейин пайызсыз финансылык колдоо
  • Карантиндик чаралардан жапа чеккен ишкерлерге түздөн-түз каржылык жардамдын көлөмүн көбөйтүү
  • Административдик төлөмдөрдү төмөндөтүү
  • Мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү токтото туруу
Экономиканын өсүшүнө түрткү берүү

Үчүнчү багыт – керектөө жөндөмүнүн өсүшүнө салым кошуп, экономиканын өсүшүнө түрткү берүү . Бул багытта төмөндөгү чараларды иштеп чыгуу керек.

  • Ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
  • Жумуш орундарын сактоо үчүн чараларды көрүү
  • Рыноктун жана доллардын туруктуулугун камсыз кылуу
  • Экономиканы жана бизнести колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу
  • Чет элден инвестицияларды тартып келүү
COVID-19 боюнча стратегия

Пандемиянын негативдүү кесепеттери бизнеске таасирин тийгизбеш үчүн Америка соода палатасы санитардык жана коопсуз чөйрөнү сактоо, COVID-19 менен күрөшүү жана анын жайылуусун алдын алуу боюнча ачык айкын так стратегияны иштеп чыгууну сунуш кылат.  

Бул суроолор боюнча төмөндөгү жумуштар аткарылышы керек:

  • Антикризистик чаралар боюнча жеке тармак менен өкмөттүн ортосунда тыгыз байланыш болуусу зарыл
  • Мамлекеттик органдардын ичиндеги иш-чараларды оптималдаштыруу үчүн заманбап технологияларды колдонуу
  • Мамлекеттик органдардын жумушун өз убагында кылынуусу үчүн аларды автоматташтыруу
  • Кичи жана орто бизнести колдоо
  • Конкреттүү багыттар (айыл-чарба, дыйканчылык, инновация ж.б.у.с) боюнча гранттык колдоо жана жеңилдетилген кредиттерди берүү
  • Карантин убагында ишканалардын ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү
Саясий туруктуулук

Бизнес чөйрөсү үчүн саясий туруктуулукту жана мыйзамдуулукту сактоо негизги фактор болуп эсептелет.

Соода

Чек арадагы сооданы жандандыруу үчүн өкмөт чек араларды ачуу жана экспортту колдоо маселелерин карап чыгыш керек.

Кредиттер

Кайра айландыруу үчүн жеңилдетилген кредиттер менен жардам берүү, насыя төлөмдөрүн жана насыя боюнча пайыздардын топтолушун токтотуп туруу бизнес үчүн чоң жардам болуп саналат. 

Кошумча кадамдар

Бизнестин калыбына келишине жана өсүүсүнө бийлик тарабынан көрүлгөн натыйжалуу чаралар төмөндөгүлөр болуш керек.

  • Курулуш компанияларына өз убагында уруксат документтерин берүү жана санитардык нормаларды сактоо менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү
  • Потенциалдык жоготууларды жана чыгымдарды жабуу боюнча жеңилдиктерди берүү
  • Мамлекеттик маалымат базаларына кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу
  • «Креативдүү экономика» программасын өнүктүрүү

Санариптештирүү

Ишкерлердин пикиринде, бизнестеги маселелерди чечүүдө – учурдагы кырдаалга ылайыкташтырылган бизнес моделдерин камсыз кылган мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жакшыртуу чоң мааниге ээ.

Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн алкагында, бир канча кызматтарды санариптештирүү керек.

  1. Салык отчетун берүү
  2. Юридикалык жактарды каттоо
  3. Патент жана камсыздандыруу полисин алуу жана узартуу
  4. Салык төлөөчүнүн кабинетин оптималдаштыруу
  5. Салык декларациясын тапшыруу
  6. Салык декларациясын тапшыруу
  7. Жеке ишкерлерге отчетторду берүү жана салык салуу жаатында сабаттуулукту жогорулатуу боюнча онлайн окутуу

Дагы бир маселе – бул мамлекеттик органдардын, муниципалдык ишканалардын жана бизнес коомчулугунун ортосунда санариптик жумуш агымын киргизүү болуп саналат. Бул багытта бери дегенде, алты кызмат санариптештирилүүгө тийиш.  

  1. Арыздарды кабыл алуу жана каттоо кызматтары
  2. Кабарлоо мүнөзүнүн негизинде лицензиялоо жана уруксат берүү
  3. Бардык органдарда (министрликтерде) электрондук түрдө күбөлүк, арыз ж.б.у.с. документтерди алуу
  4. Каттоо, соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу, ден соолугунун абалы жөнүндөгү маалыматтарды алуу үчүн арыздарды кабыл алуу
  5. Инсандын өздүгүн тактаган документтерди алуу
  6. Кызматтарды бир жерден алуу үчүн универсалдык жеке кабинет сыяктуу кызматты ишке киргизүү

Санариптештирүү – бийлик менен бизнестин өз-ара кызматташуусунун башка тармактарында да чоң мааниге ээ.

Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу төмөнкүлөрдү санариптештирүүгө болот:

  1. Мүлктү каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр
  2. Мамлекеттик күбөлүктөрдү, лицензияларды жана башка документтерди берүү/алуу
  3. Жеке документтерди каттоо
  4. Менчик укугун текшерүү

Салык кызматы тармагында:

  1. Импорттун бажы жол-жоболорун санариптештирүү
  2. Бажы/чек ара көзөмөл тутуму жана мамлекеттик чектен өтүү тартиби

Башка тармактарда:

  1. Саламаттыкты сактоо тармагындагы бизнести лицензиялоо
  2. Социалдык фонддун алыскы кызматтарын алуу үчүн электрондук санарип кол тамгалардын болушу
  3. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба агенттигинин кызматтарына тиешелүү объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча документтерге уруксат алуу
  4. Компаниялардан статистикалык отчетторду Улуттук статистикалык комитетине берүү
  5. Мамлекеттик нотариус кызматтары
  6. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жана мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин кызматтары
  7. Юстиция министрлигинин кызматтары (юридикалык жактарды каттоо)
  8. Жарандык сот процессиндеги сот процесстери
  9. Электрондук комиссияны жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнгө салуу
  10. Банк секторун санариптештирүү
  11. Текшерүүлөрдү санарип талаасына которуу
  12. Калкты тейлөө борборлорунун кызматтарын санариптештирүү

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости