Дастан Бекешев президенттин туугандарын кызматка коюуга тыюу салууну сунуштады

Дастан Бекешев президенттин туугандарын кызматка коюуга тыюу салууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттин жана салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланган кызмат орундарына президенттин туугандарын жумушка орноштурууга тыюу салган мыйзамды сунуштады. Тиешелүү «КРнын Президентинин милдеттенмелери жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбоору президенттин жакын туугандарынын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салат. Мындан тышкары, документ мамлекет башчысын жыл сайын бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттендирет.

Бекешевдин айтымында, Конституциянын 73-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленгендей, президент ЖКнын жана соттун ишине кийлигишкен учурда конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кызматтан алынышы мүмкүн деп айтылат. Мыйзамдарда жана Конституцияда мындан башка чектөөлөр жана тыюу салуулар жок.

Депутаттын пикиринде, чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын жоктугу, ошондой эле анын туугандарынын мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз баюусу – президенттин чексиз бийлигине каршы жарандардын көтөрүлүшүнө себеп болуп, 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде жана 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуялардын кайталанышына алып келиши мүмкүн.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда адилеттүү президент аткарууга тийиш болгон бир катар тыюу салуулар менен чектөөлөр камтылган:

  • Конституцияны жана анын негизинде кабыл алынган мыйзамдарды так сактоо
  • Саясий партияга мүчөлүктү токтотуу жана ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин эч бир саясий партияга кошулбоо, ошондой эле бир дагы партияга эл алдында колдоо көрсөтпөө
  • Мамлекеттик же муниципалдык кызматка, анын ичинде саясий, дипломатиялык кызматтарга, судьялардын кызмат ордуна, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган ишканалардын жетекчи кызмат ордуларына жакын туугандарын, жубайынын жакын туугандарын, алардын балдарынын жана асырап алынган балдарынын жубайларынын жакын туугандарын дайындабоо; бул адамдарга ЖКга шайлоого катышууга жана башка шайлануучу кызматтарга орношууга, көтөрүүгө тыюу салуу
  • Жыл сайын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу
  • Сот иштеринде судьяларга буйрук, оозеки же жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө тыюу салуу жана судьяларга кысым көрсөтпөө
  • ЖКнын ишине кийлигишпөөгө, коркутуп-үркүтүүгө, кемсинтүүгө же парламенттин депутаттарын кысымга алууга болбойт
  • Жакын туугандарына, анын ичинде жубайынын жакын туугандарына, балдардын жубайларына мамлекеттин кадр саясатына кийлигишүүсүнө тыюу салуу
  • Президенттин жакын туугандары, президенттин аялы/аялынын жакын туугандары, президенттин балдарынын жубайларынын жакын туугандары негиздеген компанияларга мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салуу

Өз учурунда «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев (азыркы УКМКнын төрагасы) дагы ушундай тыюу салууларды киргизгиси келген. 2011-жылдын 18-майында депутат Садыр Жапаров (учурдагы президент) дагы мүчө болгон «Ата Журт» фракциясы президенттин, премьер-министрдин жана спикердин жакындарынын кызматка келүүсүнө тыюу салуу жана чектөөлөр боюнча мыйзам долбоорун колдогон деп кошумчалады Бекешев.

«Тилекке каршы, мыйзам долбоору эч качан бүтүндөй Жогорку Кеңешке сунушталган эмес. Бирок мен президент Садыр Жапаровдун он жылдан бери азыркы оюнан кайтпагандыгына жана каршы чыгуунун ордуна бул мыйзам долбоорун колдой тургандыгына ишенгим келет», – дейт Дастан Бекешов.

 

Мындан тышкары окуңуз

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

2026-жылга карата ажылыкка баруу үчүн электрондук базага киргизилип, кезек тартиби менен зыярат кылууга мүмкүнчүлүк алган жарандар 2025-жылдын 19-декабрына чейин  калган сумманы төлөп берүүгө тийиш экенин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалымдады. Такталган маалыматка ылайык, аймактарда катталган ар бир талапкер 2025-жылдын 15–19-декабрында "Элдик Банк" (РСК) иш күнүнүн аягына

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот.  ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз