Доллар көтөрүлүп жөнөдү
Кыргызстанда доллар мурдагы наркына кайтууда. Бүгүн Бишкекте америкалык валютанын орточо сатуу курсу күндүн экинчи жарымында 84 сомдон ашты.
valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында бүгүн саат 13.00дө доллар 84 сомдон сатылып, 83.8 сомдон алынды.
Эскерте кетсек, өткөн жумада доллар түшүп баштаган эле. 19-майда доллар январдан бери биринчи жолу 84 сомдон ылдый түшкөн.