Германия КРнын ишкерлерин иш стажына чакырат

Германия КРнын ишкерлерин иш стажына чакырат

Германиянын Федералдык Экономика жана Энергетика министрлигинин ишкерлерге арналган «Fit for Partnership with Germany» программасы Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн иш стажына чакырууда. Бул тууралуу КРнын Германиядагы элчилигинин кеңешчиси Айбек Шамировдун программанын Борбор Азиядагы жетекчиси Анжела Леке менен болгон онлайн-жолугушуусунда айтылганын КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтен белгиленгендей, программанын максаты – Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү менен Германиянын ишканаларынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты түзүү болуп саналат. Окуунун алкагында, катышуучулар Германияга барып, ал жактын ишканалары жана уюмдарынын өкүлдөрү менен түздөн-түз ишкер байланыш түзүшөт.

ТИМ Кыргызстан 2007-жылдан бери бул программанын өнөктөшү экенин жана бул убакыт ичинде ага КРгы 300дөн ашык ишканалардын жетекчилери катышканын билдирди.

Катышуунун шарттары тууралуу жана кеңири маалыматты төмөндөгү шилтемеден окуй аласыз:

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү