УКМК экс-мэр Азиз Суракматовго тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялады

УКМК экс-мэр Азиз Суракматовго тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети камакка алынган Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады.

Эскерте кетсек, мурдагы мэр мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байыган деген айып менен шектелүүдө. Маалыматка ылайык, Суракматовдун жана анын жакын туугандарынын кирешелери эч кандай негизсиз эле кескин көбөйгөн. УКМК ал мүлктөрдүн наркын 50 млн доллардан ашуун деп баалап жатат.

Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, экс-мэрге төмөндөгү мүлктөр тиешелүү:

  • «Елизавета» курулуш компаниясы
  • «Центр Офис» ЖЧК (кыймылсыз мүлктү ижарага берүү)
  • «Слон» коопсуздук жана детектив агенттиги
  • «Слон» кыймылсыз мүлк агенттиги
  • «Финанс кредит строй» ЖЧК микрокредиттик компаниясы
  • «Новый город» компаниясы
  • «Папа Карло» компаниясы
  • Sphere KG компаниясы
  • «Столица Строй», «Столица» жана «Столица плюс» ЖЧКлары
  • «Ливерпуль» ЖЧК
  • «Ак-Нан» ЖЧК
  • «Поларис Групп» ЖЧК
  • «Юрист Риэлт Строй» ЖЧК
  • «Самолет» ЖЧК
  • «Улитка» эс алуу борбору
  • Бостери айылындагы эс алуу үйлөрү («Кыргызское взморье» санаториясынын территориясында), Суракматовдун эжесине жана байкесине катталган
  • Сары-Ой айылындагы эс алуу үйү («Ак-Марал» эс алуу борбору), Суракматовдун келинчеги Джумалиевага катталган.

Мындан тышкары окуңуз

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

2026-жылга карата ажылыкка баруу үчүн электрондук базага киргизилип, кезек тартиби менен зыярат кылууга мүмкүнчүлүк алган жарандар 2025-жылдын 19-декабрына чейин  калган сумманы төлөп берүүгө тийиш экенин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалымдады. Такталган маалыматка ылайык, аймактарда катталган ар бир талапкер 2025-жылдын 15–19-декабрында "Элдик Банк" (РСК) иш күнүнүн аягына

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот.  ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз