Дүйнөлүк Банк Ош облусунун дыйкандарына товардык насыяга 25,5 млн доллар берет

Дүйнөлүк Банк Ош облусунун дыйкандарына товардык насыяга 25,5 млн доллар берет

Дүйнөлүк Банк «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ош облусунун жана Ош шаарынын өндүрүүчүлөрүнө, фермерлерди окутууга жана техникалык жардам катары 25,5 млн доллар бөлөт. Тиешелүү долбоорду жактыруу жөнүндө токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Айыл чарба министрлиги белгилегендей, өткөн жылы КР менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (ЭАӨА) ортосунда түзүлгөн каржылоо келишимине ылайык, Дүйнөлүк Банк Ош облусу жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүгүү долбооруна» 60 млн доллар бөлүп берген.

Анын ичинен 25,5 млн доллар «Айыл чарба ошондой эле чакан жана орто ишканалардын продукцияларын жеткирүүнү үзгүлтүксүз камсыздоо» компонентин ишке ашырууга бөлүнгөн. Ага төмөнкүлөр кирген:

  • айыл чарба өндүрүшү үчүн товардык насыя берүү
  • техникалык жардам көрсөтүү жана окутуу
  • тандалган нарк чынжырларынын иштеши үчүн коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү

Товар үчүн бөлүнгөн кредиттер төмөндөгү шарттар менен берилет:

Пайыздык чендер:

  • 1,5% – жеке дыйкандар жана дыйкан чарбалары үчүн
  • 1,5% – айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн топтору, кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбалары үчүн
  • 2% – азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары, агро-соода жана логистикалык компаниялар, товарларды жана кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү алып келгендер үчүн

Жеңилдик мезгили:

  • 12 айга чейин
  • Жеңилдетилген мезгил аяктаганда, негизги карыздарды төлөө кварталына бир жолу жүргүзүлөт

Кайтаруу шарттары:

  • 5 жылга чейин – өсүмдүк өстүрүү жаатындагы дыйкандар, кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбалары, жылдык плантациялардын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилет
  • 7 жылга чейин – мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү, көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөргө (багбанчылык)берилет
  • 7 жылга чейин – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары, агро-соода жана логистикалык компанияларга, айыл-чарба товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн берилет

200 миң сомго чейинки товардык насыялар, айыл өкмөтүнүн же мэриянын жазуу жүзүндөгү сунушу жана туруктуу киреше булагы бар, мамлекетке мөөнөтү өтүп кеткен карызы жокторго күрөөсүз берилет.

200 миң сомдон ашкан товардык насыялар бюджеттик кредитти камсыз кылуу тобокелдигине ылайык, өтүмдүү кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздалат.

  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2020-жылдан 2026-жылга чейин.

______________________________________________________________________________

КРнын Жарандык кодексинин 737-беренесинде товардык кредиттин түшүнүгү жана берүү шарттары берилген, анда тараптар алардын бирин түрдүк белгилери аныкталган буюмдарды экинчи тарапка беришин милдеттендирген келишимди түзүшү мүмкүн (товардык кредит келишими). Эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса, берилип жаткан буюмдардын саны, ассортименти, комплекттүүлүгү, сапаты, идиши жана (же) таңгакталышы жөнүндөгү шарттар товардык соода-сатык келишиминин (428-448) эрежелерине ылайык аткарылууга тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир