"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды.

Алардын ичинде 44 даана чач кургаткыч жана 66 даана чач тармалдаткыч болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган коштомо документтери жок продукциянын жалпы баасы 5 млн сомдон ашкан.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаттары айып короо жайына  токтотулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды