Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча кармалды – УКМК

Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча кармалды – УКМК

31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка келген Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу 31-майда «Азаттык» радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкен.

«Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган мурдагы аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген», – деп жазат «Азаттык».

Маалыматка таянсак, Бабанов суракка чакырылган жеринен кармалган.

Эскерте кетсек, 24-мартта УКМК Бабановго жана ага караган коммерциялык түзүмдөргө козголгон кылмыш иштерин токтоткон. Маалым болгондой, экс-премьер-министр менен мамлекеттик бюджетке өз ыктыяры менен 100 млн сом которуу боюнча келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда учурда "Баатыр эне" наамына татыган 31 миң 764 аял бар. Алар пенсияны Социалдык фонд аркылуу алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Баатыр эне" наамын ыйгаруу президенттин жарлыгынын