Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда учурда "Баатыр эне" наамына татыган 31 миң 764 аял бар. Алар пенсияны Социалдык фонд аркылуу алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "Баатыр эне" наамын ыйгаруу президенттин жарлыгынын негизинде жүргүзүлөт жана анда талаптар менен ыйгаруу тартиби толук көрсөтүлгөн. Чечимди Президенттин администрациясынын алдындагы комиссия кабыл алат.

Мындан тышкары, "Баатыр эне" наамын алган 75 аял министрлик тарабынан жөлөк пул алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жарандан жол, тротуар, люк жана арыктардын курулушу боюнча кайрылуу келип түшкөн. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, узундугу 1370 метр болгон тилкедеги иштер учурда аяктоо стадиясында. Объект расмий кабыл алына элек. Капиталдык оңдоо иштерин "

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Алар коомдук тартипти сактоого,

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Алматы шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүү, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдеринин

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр синтетикалык тор жана 140 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди. 11-августта көлдөн 2300 метр синтетикалык тор жана 50 кг таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 кг таштанды, 13-августта 2500