Тогуз коммерциялык банк биринчи кварталды чыгым менен жапты

Тогуз коммерциялык банк биринчи кварталды чыгым менен жапты

Тогуз коммерциялык банк, эки камсыздандыруу компаниясы жана 113 кредиттик уюм үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталын чыгым менен жапты. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет берди.

Маалыматтарга ылайык, банктар 66,8 млн сом, камсыздандыруу компаниялары 6,3 млн сом чыгым тартышты. Насыялык мекемелердин жоготуулары 78,3 млн сомду түзгөн.

Кирешелүү натыйжа менен биринчи кварталды 18 банк (+823,9 млн сом), 12 камсыздандыруу компаниясы (+90,2 млн сом) жана 327 насыя уюму (+745,7 млн сом) жапты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27 коммерциялык банк, 14 камсыздандыруу компаниясы жана 558 кредиттик уюм бар. Ошентип, рентабелдүү эмес ишканалардын жалпы санына карата катышы боюнча, банк сектору эң көп зыян тарткан.

Мындан тышкары окуңуз

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир