Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» боюнча Нью-Йорк сотуна кайрылды

Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» боюнча Нью-Йорк сотуна кайрылды

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларынын банкрот болуусун «уюштуруу» демилгесин көтөрдү. Компания АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бул кошумча чаралар «Центерранын» жана анын кызыкдар тараптарынын кызыкчылыктарын коргоо, туунду компаниялардын наркын 100% сактап калуу жана Кыргыз өкмөтүнүн мындан ары «КГКнын» активдерин бөлүп-жаруу же кенди мыйзамсыз иштетүү аракеттерине жол бербөө максатында иштелип чыккан», – деп билдирди компания.

Сот тарабынан көзөмөлдөнгөн бул жараян, башка нерселер менен катар эле, дүйнө жүзүнүн масштабында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» каршы бардык доолорду автоматтык түрдө убактылуу токтотуп тура алат.

«Центерра» бул процесс кыргыз өкмөтү менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү жеңилдетет деп үмүттөнөт. Компаниянын маалыматына таянсак, Федералдык кодекстин 11-бөлүмү коюлган доолордун компаниянын башка бизнестерине, анын ичинде Канададагы «Маунт Миллиган» жана Түркиядагы «Оксют» кенине ошондой эле Түндүк Америкадагы молибден бизнесине таасир этпөөсүн камсыздайт.

«Центерранын» президенти Скотт Перринин айтымында, компания бир нече жолу кыргыз өкмөтүн сүйлөшүүгө чакырган.

«Биз кыргыз бийлиги менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр бойдон калганыбыз менен, биз кенди токтотуу үчүн бийликтин атайылап жасаган аракеттеринен «Центерранын» кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык укуктук жана каржылык каражаттарды колдонууну улантабыз».

«Тактап айтканда, биз «Центеррага», «КГК» жана «КОК» «Кумтөр» кенине ээлик кылуу жана иштетүү укугун берген КР менен узак жылдар бою түзүлгөн келишимдердин сакталышын камсыз кылуу үчүн арбитраждык сот ишин уланта беребиз. Бул келишимдер Нью-Йорктун мыйзамдары менен жөнгө салынат жана АКШнын сот процесстеринде «Центерранын» кызыкчылыктарын кайрадан уюштуруу же башка талаш-тартыштарды чечүү жолу менен коргойт деп күтөбүз» , – деп билдиришет компаниядан.

______________________________________________________________________________

АКШнын Федералдык банкроттук кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, козголгон иш көбүнчө «кайра уюштуруу» банкроту деп аталат. Мындай банкроттун демилгечиси адатта менчик ээси бойдон калат, ыйгарым укуктарга жана милдеттенмелерге ээ болуп, ишкердик ишин уланта алат. Соттун макулдугу менен акчаларды карызга алуу укугуна да ээ болот.

Мындан тышкары, кайра уюштуруу планы сунушталат, укуктары бузулган кредиторлор план боюнча добуш бере алышат, эгерде ал талап кылынган добуштардын санын алса жана белгилүү мыйзам талаптарына жооп берсе, сот тарабынан бекитилиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир