«Кумтөр» иши боюнча кимдер суракка алынып, кимдер камалды? Тизме жаңырууда

«Кумтөр» иши боюнча кимдер суракка алынып, кимдер камалды? Тизме жаңырууда

«Кумтөр» маселеси боюнча учурдагы жана мурдагы чиновниктердин бир канчасы камалды. Парламенттин депутаттары, экс-премьер-министрлер, ошондой эле учурдагы атка минерлер кезек менен суракка чакырылып, натыйжада, айрымдары камакка алынууда. Процесс уланууда, анткени бүгүн эле саясатчылардын жаңы партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.

Economist.kg редакциясы «Кумтөр» кениндеги коррупциялык иштер боюнча кармалгандардын жана суракка алынгандардын тизмесин даярдады.

27-май

  • Мурдагы премьер-министр Темир Сариевди Аскер прокуратурасында суракка алышты.

31-май

  • Экс-депутат Сергей Ибрагимов «Кумтөр» иши боюнча УКМКга чакырылып, «Центерра Голд» менен 2009-жылы түзүлгөн келишим боюнча суракка алынган. Ал кезде Сергей Ибрагимов «Ак жол» партиясынан депутат болгон.
  • Мурдагы депутат Турсунтай Салимов  да суракка чакырылган.
  • Экс-премьер-министр жана «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Бирок бир нече сааттан кийин ал коррупцияга тиешеси бар деген айып менен камалган.
  • ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбеков компаниянын Centerra Gold менен түзүлгөн келишимдеринин биринин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Кийин ал дагы коррупцияга шектелип кармалган.
  • Депутат Төрөбай Зулпукаров дагы «Кумтөр» маселеси боюнча Centerra Gold менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы тууралуу маалымат бериш үчүн УКМКга суракка чакырылган. Кийинчерээк анын мыйзамсыз байыганын иликтөө үчүн камакка алынган.
  • Экс-депутат Исхак Пирматов да башында суракка чакырылып, кийин ал да камакка алынган.
  • Ушул эле күнү кечинде экс-премьер-министр Игорь Чудинов суракка чакырылган.
  • Кийинчерэкк УКМКнын маалымат кызматы экс-депутат Талант Узакбаевдин кармалганын маалымдаган.

1-июнь

  • Парламенттин экс-спикери Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылды.
  • ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка алынды.
  • ЖКнын мурдагы депутаты Максат Сабиров «Кумтөр» маселеси боюнча УКМКда суракка алынды. Ал журналисттерге 2012-2013-жылдары «Кумтөр» боюнча комиссиянын мүчөсү болгондуктан, күбө катары чакырылгандыгын айткан.

Учурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалып, депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды. Экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин дагы камакта экени белгилүү, бирок канча убакка камалганы белгисиз.

Эскерте кетсек, 14-майда президент Садыр Жапаров жер казынасын коргоо эрежелеринин бузулушунан, экологиялык маселелерден улам «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. 15-майда «Кумтөр Голд Компанинин» Бишкектеги кеңсеси тинтүүгө алынган. 17-майда парламенттин кезексиз сессиясында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөргө» байланыштуу төрт кылмыш иши жүрүп жаткандыгын айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир