Кыргызстандык ишкерлер Сербиянын базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат
Сербияга Кыргызстандын экспортунун 99%ы преференциалдык режимде жүргүзүлөт. ЕАЭС менен Сербиянын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишими 10-июлда күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Бүгүнкү күндө Беларусия, Казакстан жана Россиянын Сербия менен эркин соода жүгүртүү боюнча эки тараптуу келишими бар, ал эми Кыргызстан менен Арменияныкы жок. Ведомстводон билдиргендей, аталган келишим ЕАЭСтин мүчө мамлекеттери менен Сербиянын ортосунда соода режимин жүргүзүүгө уруксат берет.
Документ атамекендик өндүрүшчүлөргө товарларын Сербиянын базарына чыгарууга жана ЕАЭСтин башка мүчө мамлекеттери менен бирдей шартта иш алпарууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенет Экономика министрлиги.