Кыргызстандын экономикасына бир аз «жан кирди»

Кыргызстандын экономикасына бир аз «жан кирди»

Кыргызстандын экономикасы акырындык менен болсо да биринчи позитивдүү сигналдарды бере баштады. Бул тууралуу Улуттук Банк маалымдайт.

Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-апрель айларында Кумтөрдү эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 1,1%ды түзгөн. Ички керектөө салыштырмалуу орточо бойдон калган жана ал өлкөгө акча которуулардын агымы менен кармалууда. Январь-март айларында которулган акчанын таза агымы 22,4% га көбөйүп, 420 млн долларды түзгөн.

Керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өсүшү негизинен азык-түлүк товарларына (күн карама майы, эт жана шекер) жана күйүүчү-майлоочу майларга сакталууда. 2021-жылдын май айында (21-күнү) жылдык инфляция деңгээли 10,7%ды түзгөн.

«Дүйнөлүк базарларда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баанын көтөрүлүшүнүн негизги себеби – өлкөдөгү инфляциялык тобокелдиктердин сакталып калуусу болуп саналат», – деп белгиледи УБ.

Өлкөдөгү инфляциялык кысымды чектөө максатында УБ инфляциянын монетардык компонентин ооздуктоо боюнча чараларды көргөн. Көрүлгөн активдүү чаралар банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктүн көлөмүн азайтууга жардам берүүдө.

Ошондой эле УБ кошумчалагандай, ушундан улам, банктар аралык кредит рыногунун катышуучулары кыска сегментте активдешүүдө. . Коммерциялык банктар өз ресурстук базасын түзүүнү жана экономикага кредит берүүнү көбөйтүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда учурда "Баатыр эне" наамына татыган 31 миң 764 аял бар. Алар пенсияны Социалдык фонд аркылуу алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Баатыр эне" наамын ыйгаруу президенттин жарлыгынын