Монополияга каршы агенттиги күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын ооздуктоо боюнча иш алып барууда

Монополияга каршы агенттиги күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын ооздуктоо боюнча иш алып барууда

Январь-май айларында ири мунай сатуучулардын май куюучу жайларында бензиндин жана дизелдик отундун чекене баасы тиешелүүлүгүнө жараша 42%га жана 28%га жогорулаган тенденциясын байкоого болот. Бул көрсөткүчтү Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүңүнөн сатуу бааларынын көтөрүлүшүнө байланыштырат.

«Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында КММга баалардын өсүшүн ооздуктап жана алардын бааларын сурап, рыноктогу кырдаалды талдоо жана сунуштарды берүү менен алектенүүдө. Нефтетрейдерлер тарабынан «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулган учурда департамент тиешелүү чараларды көрөт» – деп ишендирди МКМА.

Бир күн мурда, 31-майда мамлекеттик агенттик күйүүчү-майлоочу май базарындагы кырдаал боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Жолугушууга Нефтетрейдерлер ассоциациясынын, Нефтетрейдерлер бирлигинин жетекчилери жана базардын ири өкүлдөрү келишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, баалардын көтөрүлүшү объективдүү болгонуна карабастан, мамлекеттик агенттик бир катар талаптарды койду:

  • таза атаандаштыктын принцибин так сактоо
  • запастарды эске алуу менен баанын деңгээлин камтыган куралды колдонуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майдын баасынын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча жазуу жүзүндө сунуштама берилген.

Ведомстводон билдиргендей, июнь айындагы келишимдерге ылайык, май айына салыштырмалуу Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң сатуу баасы тоннасына 65 долларга чейин жогорулагандыгын белгиледи. Учурда күйүүчү майдын ички рыноктогу наркын турукташтыруу жана баалардын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн Россиянын өкмөтү мунай заттарын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салууну караштырып жатат. Республика КММ менен толук камсыз болгон, тартыштык жок, деп кошумчалады Мамлекеттик монополияга каршы агенттик.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө 31-майга карата күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы

(Улуттук банктын курсу менен)

АттарыКыргызстанКазахстанРоссияБеларусьАрмения
Аи-925034.251.46164.1
Аи-955239.156.864.368.9
Дт44.938.155.964.365.7

Мындан тышкары окуңуз

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Өспүрүмдөр канча жаштан, кандай иштей алышат?

Эмгек мыйзамдарын көзөмөл кылуу жана текшерүү боюнча кызматынын Эмгек башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Кудурет Жыргалбеков "Биринчи радио" эфиринде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ишке орноштуруунун талаптарын түшүндүрдү. Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тартып өспүрүмдөр ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен иштей алышат. 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы. Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутат Белеков

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Өзгөн районунун Мырзаке айылында 3 эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келгенин ооруканадан билдиришкенин "Кабар" жазды. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда 31 764 "Баатыр эне" бар

Кыргызстанда учурда "Баатыр эне" наамына татыган 31 миң 764 аял бар. Алар пенсияны Социалдык фонд аркылуу алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Баатыр эне" наамын ыйгаруу президенттин жарлыгынын