«Кадастр» мамлекеттик мекемеси кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты онлайн режиминде берет

«Кадастр» мамлекеттик мекемеси коррупция менен күрөшүү максатында кызматтарын толугу менен санарипке өткөрүүдө. Эми порталдын колдонуучулары кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды каттоо органынын кеңсесине барбай эле интернеттен ала алышат. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик порталда төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат алса болот: 

  • кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөлөрү
  • катталган кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат
  • кыймылсыз мүлккө болгон укуктун тарыхы
  • кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө маалымат

Мындан тышкары, бул кызматтарды калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) да алса болот. Ошондой эле аталган агенттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого арыздарды кабыл алуу боюнча онлайн кызматтарын киргизүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун