Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана башка документтер алынган. Тергөө иштеринин алкагында компаниянын 67 жаштагы негиздөөчүсү шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милиция билдиргендей, учурда тергөө иш-чаралары улантылууда, иштин бардык жагдайлары жана компаниянын шериктери аныкталууда.

Ленин РИИБ жарандарды сак болууга жана "тез жана кепилденген киреше" тууралуу сунуштарга ишенбөөгө чакырды. Укук коргоо органдарынын айтымында, тобокелчиликсиз жогорку киреше убада кылуу — каржы пирамидаларынын негизги белгилеринин бири болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты