Бишкектин жаңы конуштарынын жолдору Кытайдын грантынын эсебинен оңдолууда

Бишкектин жаңы конуштарынын жолдору Кытайдын грантынын эсебинен оңдолууда

Борбор калаада Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында жаңы конуштардагы жолдорду оңдоо иштери улантылууда деп билдирет шаардык мэриянын маалымат кызматы.

Учурда «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Жеңиш», «Ак-Босого», «Эне-Сай», «Ак-Тилек», «Учкун» жана «Ынтымак»  жаңы конуштарында узундугу 26 чакырым болгон жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун экинчи этабында жаңы конуштарга 34,1 км жол курулат.

Жалпысынан быйыл 44 көчөнү, 2022-жылы 16 көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалууда.

«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү»  долбоорунун  экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын алмаштыруу жана 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригацияны алмаштыруу пландалууда деп билдирет мэрия.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 942 ишкер 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырды

Кыргызстанда 942 ишкер 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырды

Салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын легалдаштыруу боюнча кампанияны жыйынтыктады. Кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Легалдаштыруу учурунда келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдардын калдыктары тууралуу маалыматтар салык кызматынын маалымат базасына киргизилди. Бул чара мындан ары

"Чакан ГЭС" ААКы Орто-Токой ГЭСин ишке киргизип, 20 кубаттоочу станция орнотот

"Чакан ГЭС" ААКы Орто-Токой ГЭСин ишке киргизип, 20 кубаттоочу станция орнотот

2026-жылы "Чакан ГЭС" ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырарын Энергетика министрлигинен билдиришти. "Чакан ГЭСтин" 2026-жылга карата иш-планында гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объекттерди ишке киргизүү каралган. Иш-пландын алкагында төмөнкү гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо пландалууда: * ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында; * ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;

Январь айында улгайган адамдарга каршы 105 кылмыш жасалган

Январь айында улгайган адамдарга каршы 105 кылмыш жасалган

2026-жылдын январь айында улгайган жарандарга каршы 105 кылмыш катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети  Башкы прокуратыранын маалыматына таянуу менен билдирди. Катталган кылмыштардын түзүмү төмөнкүчө болду: * 38,1% — алдамчылык, * 26,7% — уурулук, * 7,6% — электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын же SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап өткөрүп берүү же сатуу, * 5,7%

Кара-Сууда 1 гектар аянтта күнөскана чарбасы ийгиликтүү иштеп жатат

Кара-Сууда 1 гектар аянтта күнөскана чарбасы ийгиликтүү иштеп жатат

Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнө караштуу Падаван айылында "Абдирашит" аттуу жеке ишкер 1 гектар аянтта күнөскана чарбасын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Күнөсканада жашылчалар жана гүлдөр өстүрүлөт. Чарба Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча регионалдык башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келет. Өндүрүштө биологиялык