Кара-Сууда 1 гектар аянтта күнөскана чарбасы ийгиликтүү иштеп жатат

Кара-Сууда 1 гектар аянтта күнөскана чарбасы ийгиликтүү иштеп жатат
Интернеттен алынган иллюстрациялык сүрөт

Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнө караштуу Падаван айылында "Абдирашит" аттуу жеке ишкер 1 гектар аянтта күнөскана чарбасын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Күнөсканада жашылчалар жана гүлдөр өстүрүлөт. Чарба Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча регионалдык башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келет.

Өндүрүштө биологиялык ыкмалар колдонулат. Тактап айтканда, биопрепараттар жана энтомофагдар пайдаланылып, өсүмдүктөр зыянкечтерден корголот. Бул ыкма экологиялык жактан коопсуз жана сапаттуу продукция өндүрүүгө шарт түзөт.

Аталган тажрыйба аймакта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза продукция менен камсыздоого салым кошууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө