Кыргызстандын бюджетине «Жерүйдөн» биринчи миллиард түштү

Кыргызстандын бюджетине «Жерүйдөн»  биринчи миллиард түштү

Өндүрүш башталгандан бери «Жерүй» Кыргызстандын бюджетине ай сайын төлөнчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүүнү улантууда. Май айында, казынага «Альянс Алтын» компаниясынан төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча дагы 219.7 млн сом келип түштү. Апрелде (өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда) төлөнгөн 140 млн сомду эсепке алганда, эки айда эле төлөнгөн каражаттардын көлөмү 360 млн сомго жеткен.

3-июнда «Альянс Алтын» компаниясы май айынын киреше салыгы боюнча төлөмдөрдү өз убагында которуп, роялти берип, инфраструктураны өнүктүрүүгө да каражат бөлдү.

  • 142 млн 814 миң сом 2021-жылдын май айына карата киреше салыгы катары төлөнгөн (апрель айына салыштырмалуу 57.4 млн сомго көп)
  • 54 млн 928 миң сом алтынды саткандан роялти үчүн бөлүнгөн (апрель айынан 15.5 млн сомго көп)
  • 21 млн 971 миң сом жергиликтүү инфраструктураны кармоо жана өнүктүрүү үчүн берилген (апрелге салыштырмалуу 6.2 млн сомго көп)

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, башка мамлекеттик мекемелерге милдеттүү төлөмдөрүн өз убагында төлөгөн. Ошентип жыл башынан бери компаниянын кызматкерлеринин келечектеги пенсияларын түзүү үчүн Кыргызстандын Социалдык фондуна дээрлик 55 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү которулду. Бюджетке киреше салыгы боюнча төлөмдөрү болжол менен 13 млн сомду түздү. Геологиялык лицензия үчүн 5 млн сомдон ашык төлөнгөн. «Альянс Алтын» дээрлик 4 млн сом машина жана жабдууларды импорттоодо бажыдан салыктарды жана алымдарды төлөгөн. 2021-жылдын башынан бери жер салыгын төлөө 1 млнго жакын сомду түздү. Ушул жана башка төлөмдөр КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык так жүргүзүлдү.

Жерүй кенинен келип түшкөн бардык төлөмдөр КРнын мыйзамдары менен көзөмөлдөнөт. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө – Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик иш алпарат.

Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн бөлүнгөн каражаттар жалпы кирешенин 2%ын түзгөн. Мыйзамга ылайык, бул каражаттардын 50%ы – областты өнүктүрүү фондуна, 30%ы – районду өнүктүрүү фондуна, 20%ы – кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке берилип, үч фонддун ортосунда бөлүштүрүлөт.

Биринчи миллиард

Эске салсак, Жерүй кенинде алтын өндүрүү башталганга чейин эле 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин өндүрүштөгү кирешенин жоктугуна карабастан, «Альянс Алтын» ишканасынан бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрүнүн көлөмү – 923 млн сомду түзгөн.

Апрель айында 140 млн сомду жана май айындагы 220 млн сомду түзгөн компаниянын төлөмдөрүн, тагыраак айтканда, негизги иш башталгандан кийинки алгачкы төлөмдөрдү эске алганда, өлкөнүн бюджетине «Жерүй» 1 млрд 329 млн сом алып келген.

Ошондой эле, 600 млн сом өзүнчө Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылаган, чакан жана орто бизнес үчүн төмөн пайыздык үстөк менен насыяларды берген «Бакубат Талас» Фондусуна которулган.

Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын 4 млрд сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Садыр Жапаров 2026-жылдын 26-февралындагы № 20 мыйзамга кол койду. Бул мыйзам аркылуу "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" боюнча Кыргызстан менен ОПЕКтин(Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму) Эл аралык өнүктүрүү фондунун(ЭӨФ) ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды. Макулдашууга 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Финансы министрлиги Насыялык макулдашуунун күчүнө кириши

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Кечээ Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдиргенин "Азаттык" жазды. Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт. Ал бир суткада 550 миң баррел

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 16-февралдан бери биринчи жолу 69 миң доллардан ашканын Binance криптовалюта биржасынын маалыматына таянып, Коммерсант гезити жазды. Маалыматка караганда, күн мурун криптовалютанын баасы 69 миң 346 долларга жеткен. Binance'тын маалыматы боюнча, биткоин учурда 12,17% жоготууда. Криптовалюта акыркы жолу 69 миң доллардан ашкан, 2026-жылдын 16-февралында анын