Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда.

Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

Жаңы мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имарат 3 блоктон турган, 3 кабаттуу болуп курулат.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 2000ге жакын окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мындан тышкары окуңуз

Муром көчөсүн оңдоо үчүн 4 миң чарчыдан ашык жер бошотулат

Муром көчөсүн оңдоо үчүн 4 миң чарчыдан ашык жер бошотулат

Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Муром көчөсү толугу менен оңдолууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан аймактагы муниципалдык жерлерде 40тан ашык чарбалык субъектке таандык 80ден ашуун жеңил типтеги объект жайгашкан. Жолду оңдоо долбоорун ишке ашыруу үчүн бул аймактарды бошотуу зарыл болууда.

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

24-июндан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 5 автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул чаралар коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан мезгилде жол

Таласта курулуш талаптарын бузган тарапка 200 миң сом айып пул салынды

Таласта курулуш талаптарын бузган тарапка 200 миң сом айып пул салынды

Талас облусунда курулуш талаптарын бузуу фактысы аныкталып, жооптуу тарапка административдик чара көрүлдү.Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Талас региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Адыр айылындагы Талас–Тараз унаа жолунун №12 дарегинде жайгашкан курулуш материалдарын сатуучу соода түйүндүн курулушунда

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

2022-жылдан тартып эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 %га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 %га жогорулады. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымына караганда, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50 %га