Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Кечээ Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдиргенин "Азаттык" жазды.

Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт. Ал бир суткада 550 миң баррел мунай иштетет.

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, заводго эки дрон менен чабуул жасалган, бирок экөө тең абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынган.

AFP агенттигине дагы бир булак билдиргендей, Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарына жакын жайгашкан аба базасына да ракеталар менен сокку урулган, бирок алар да абадан жок кылынган. Бул база америкалык аскерлер жайгашкан объект болуп саналат жана акыркы үч күн ичинде үчүнчү жолу чабуулга кабылды.

Сауд Арабиясы Иранды катуу айыптап, өзүн коргоо, анын ичинде жооп кайтаруу чараларын көрүү укугун сактап каларын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.