Кыргыз-түрк бизнес-форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат

Кыргыз-түрк бизнес-форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кечээ Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушууда билдирди.

«Рифат Хисаржыклыоглу иш-чараны даярдоодо эки тарап тең жакшы иштегендигин жана  түрк ишкерлери да бизнес-форумга катышууга чоң кызыгуу көрсөтүп жаткандыгын баса белгилеп, форум өтө жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады», – деп билдирди Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарап август айында Ысык-Көл облусунда кыргыз-түрк бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ишкерлеринин катышуусунда ири бизнес-форум өткөрүүнү чечишти.

«Иш-чаранын негизги багыттарынын бири – Анкара шаарында өткөн жолугушуулардын негизинде келишимдерге кол коюу, маселелерди талкуулоо жана андан ары өнүгүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле КРга инвестицияларды тартуу болот», – деп кошумчалады министрликтин маалымат кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Садыр Жапаров 2026-жылдын 26-февралындагы № 20 мыйзамга кол койду. Бул мыйзам аркылуу "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" боюнча Кыргызстан менен ОПЕКтин(Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму) Эл аралык өнүктүрүү фондунун(ЭӨФ) ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды. Макулдашууга 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Финансы министрлиги Насыялык макулдашуунун күчүнө кириши

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Кечээ Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдиргенин "Азаттык" жазды. Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт. Ал бир суткада 550 миң баррел

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 16-февралдан бери биринчи жолу 69 миң доллардан ашканын Binance криптовалюта биржасынын маалыматына таянып, Коммерсант гезити жазды. Маалыматка караганда, күн мурун криптовалютанын баасы 69 миң 346 долларга жеткен. Binance'тын маалыматы боюнча, биткоин учурда 12,17% жоготууда. Криптовалюта акыркы жолу 69 миң доллардан ашкан, 2026-жылдын 16-февралында анын