Сүт азыктарын экспорттоо акыркы 5 жылда 2 эсе өстү

Сүт азыктарын экспорттоо акыркы 5 жылда 2 эсе өстү
Сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү акыркы 5 жылда 2 эсе өстү. 2020-жылы (2016-жылы 20 миң тонна) экспорттук жөнөтүүлөрдүн жалпы суммасы 46 млн долларга, дээрлик 35 миң тоннага жетти. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Сүт азыктарынын экспортунун акыркы 5 жылдагы көрсөткүчтөрү
(миң тонна)

Азыркы учурда сырткы рынокко негизги сүт жана сүт азыктарынан ак май (товардык көлөмдүн 37%), сырлар жана быштак (21%), сүт жана суюк, кургак каймак (17%), ошондой эле сүт жана суюк каймак (13%)  кычкыл сүт азыктары (болжол менен 11%) жөнөтүлүүдө.

Сүт азыктары экспортко, негизинен Казакстанга жөнөтүлдү, коңшу өлкөгө 2020-жылы 24.1 млн долларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүнүн 52%дан ашыгын түзөт, ошондой эле Россияга (21 млн долларга же 46%) жөнөтүлгөн. Сүт жана сүт азыктары Өзбекстан (705 миң доллар) жана Тажикстан (217 миң доллар) сыяктуу өлкөлөргө да экспорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен ЭӨФ ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Садыр Жапаров 2026-жылдын 26-февралындагы № 20 мыйзамга кол койду. Бул мыйзам аркылуу "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" боюнча Кыргызстан менен ОПЕКтин(Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму) Эл аралык өнүктүрүү фондунун(ЭӨФ) ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды. Макулдашууга 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Финансы министрлиги Насыялык макулдашуунун күчүнө кириши

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту

Кечээ Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдиргенин "Азаттык" жазды. Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт. Ал бир суткада 550 миң баррел

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Биткоин криптовалютасынын баасы 16-февралдан бери биринчи жолу 69 миң доллардан ашканын Binance криптовалюта биржасынын маалыматына таянып, Коммерсант гезити жазды. Маалыматка караганда, күн мурун криптовалютанын баасы 69 миң 346 долларга жеткен. Binance'тын маалыматы боюнча, биткоин учурда 12,17% жоготууда. Криптовалюта акыркы жолу 69 миң доллардан ашкан, 2026-жылдын 16-февралында анын