Кыргызстандагы АИ-92 бензининин баасы Россиядагы баага жакындады
Кыргызстанда бир литр Аи-92 бензининин баасы орусиялык баага жакындады. Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин маалыматы боюнча, 11-июнга карата күйүүчү майдын баасы республикада – 50 сомду, Россияда – 53 сомду түздү.
Мамлекеттик агенттик белгиленгендей, КРда күйүүчү-майлоочу майдын баасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Казакстанды эске албаганда, эң төмөн болуп саналат.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө КММнын орточо салыштырма баасы
(Улуттук Банктын курсу боюнча сом менен)
| КММ | Кыргызстан | Казахстан | Россия | Белоруссия | Армения |
| Аи-92 | 50 | 34.6 | 53 | 62.1 | 68.4 |
| Аи-95 | 52.4 | 39.6 | 58.7 | 65.4 | 71.7 |
| Дт | 46 | 39.6 | 57.7 | 65.4 | 68.4 |