Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт.

Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.

Мындан тышкары, аталган тилкеде эски асфальт катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды