Марипов Чүй облусундагы суунун тартыштыгынын себебин айтты – суу Казакстанга кеткен эмес

Марипов Чүй облусундагы суунун тартыштыгынын себебин айтты – суу Казакстанга кеткен эмес

Чүй өрөөнүндөгү сугат суунун жетишсиздиги – Чу дайрасына тоодон куйган булактардын азайышынан келип чыгууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Мен аларды түшүнүп турам. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизет. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек. Бул Чу дайрасына тоодон куйган булактардын азайышынан келип чыгууда. Ошондуктан ЧЧК батыш тарабында сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Биз жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздообуз керек. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе», – деди Улукбек Марипов.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда. 

Белгилей кетсек, сугат суунун тартыштыгынан улам, Чүй облусунун дыйкандары Өкмөт үйүнүн алдындагы митингдерге байма-бай чыгып турушат. 14-июнда дыйкандар Ленин айылынын сыртындагы суу бөлүштүрүүчү каналдан суунун 60-70%ы Казакстанга, калган аз бөлүгү гана кыргыз дыйкандарына бөлүнгөнүн көрсөткөн видео жарыялашкан.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "