Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызы 0.1%га кыскарды
2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 4 млрд 933 млн долларды (418 млрд 323 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
2020-жылдын 31-декабрына карата 4 млрд 928 млн доллар болсо, жыл башына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 5 млн долларга же 0.1% га азайган.
Экономика министрлигинин берген маалыматына ылайык, карыздын эң чоң үлүшүн өлкөнүн 4 млрд 183 млн долларлык тышкы карызы түзөт, ал жалпы мамлекеттик карыздын 84.8%ын камтыйт. Мамлекеттин ички карызы – 750 млн доллар (15.2%).