Korea Telecom ишканасын КРда долбоорлорду ишке ашырууга чакырышты – бул компания дүйнөдө биринчилерден болуп 5G тармагын ишке киргизген

Korea Telecom ишканасын КРда долбоорлорду ишке ашырууга чакырышты – бул компания дүйнөдө биринчилерден болуп 5G тармагын ишке киргизген

14-июнь күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова вице-президент Мун Сонг Ук башында турган KT (мурдагы Korea Telecom) глобалдык бизнес тобунун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө KT компаниясынын өкүлдөрү корпорациянын ишмердүүлүгү жөнүндө презентация жасашты, ошондой эле KT дүйнөдө коммерциялык бешинчи муундагы (5G) зымсыз тармакты биринчи жолу ишке киргизген компаниялардан экендигин маалымдашты.

Элчи жана КТ делегациясынын башчысы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ), каржы (анын ичинде Интернет-банкинг), саламаттыкты сактоо, меймандостук, энергетика, медиа-контент жана «Акылдуу шаар» тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маалымдама

KT (мурдагы Korea Telecom) – Түштүк Кореядагы интегралдык зымдуу жана зымсыз телекоммуникация кызматтарынын ири провайдери болуп саналат. КТ маалыматтык технологиялар, меймандостук, интернет-банкинг, медиа-контент, каржы жана башка чөйрөлөрдө иштейт. Корпорациянын курамына 41 туунду компания кирет.

КТ компаниясынын дүйнөнүн 17 өлкөсүндө кеңселери бар жана 28 ар кандай эл аралык долбоорлорду ишке ашырат. Кызматкерлердин жалпы саны 58 миң адамдан ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү Уран Темирбеков Наманган облусуна сапар менен барды. Сапардын алкагында ал Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, “Наманган” эркин экономикалык аймагынын администрациясы жана аймактагы өнөр жай ишканалары менен жолугушууларды өткөрдү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө Темирбеков төмөнкү ишканалар менен таанышып, алардын ишмердүүлүгүн жеринен

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилип жатканын билдирди. Ош шаарынын аймагында чарбалар аралык маанидеги 15 ири сугат канал бар. Жалпы узундугу 155 чакырымдан ашкан сугат каналдарынын, 107 чакырымы шаар аймагында жайгашкан. Каналдар Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун эгин талааларын

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында Т. Шериев атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу имарат үч блоктон турат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн заманбап шарттарды