Садыр Жапаров «Кумтөргө» барды – тышкы башкаруу киргизилгенден кийин 40 млн долларлык алтын сатылган

Садыр Жапаров «Кумтөргө» барды – тышкы башкаруу киргизилгенден кийин 40 млн долларлык алтын сатылган

Президент Садыр Жапаров кечээ 15-июнда Кумтөр кенинин ишмердиги менен таанышты жана бул анын ишканага убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки биринчи сапары болгондугун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаровго кендин үзгүлтүксүз режимде иштеп жаткандыгын, тышкы менеджменттин киргизилиши жумушчулар тарабынан түшүнүү менен кабыл алынгандыгын, кызматкерлерге эмгек акылары өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп жаткандыгын, бардык төлөмдөр жана өлкөнүн бюджетине салыктар планга ылайык которулуп жаткандыгын маалымдашты.

Президент алтынды калыбына келтирүүчү фабриканы көрүп чыкты. Бир айга жетпеген убакыттын ичинде тышкы башкаруунун жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компани» 44 миң унция алтын сатканы, натыйжада, дүң киреше 40 млн долларды түзгөнүн билдиришти.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерде болуп, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын белгиледи.

 

Мындан тышкары окуңуз

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү Уран Темирбеков Наманган облусуна сапар менен барды. Сапардын алкагында ал Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, “Наманган” эркин экономикалык аймагынын администрациясы жана аймактагы өнөр жай ишканалары менен жолугушууларды өткөрдү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө Темирбеков төмөнкү ишканалар менен таанышып, алардын ишмердүүлүгүн жеринен

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилип жатканын билдирди. Ош шаарынын аймагында чарбалар аралык маанидеги 15 ири сугат канал бар. Жалпы узундугу 155 чакырымдан ашкан сугат каналдарынын, 107 чакырымы шаар аймагында жайгашкан. Каналдар Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун эгин талааларын

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында Т. Шериев атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу имарат үч блоктон турат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн заманбап шарттарды