«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россиянын 7 шаарына учса болот – аба каттамдар, авиакомпаниялар
Бүгүнкү күндө «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россиянын 7 шаарына чартердик (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн) каттамдар аткарылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Аба каттамдар төмөнкү багыттарга жүргүзүлүүдө:
- Москва – Тамчы – Москва каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
- Москва – Тамчы – Москва каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
- Санкт-Петербург – Тамчы – Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
- Минеральные Воды – Тамчы – Минеральные Воды каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
- Ростов-на-Дону – Тамчы – Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
- Ростов-на-Дону – Тамчы – Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
- Уфа – Тамчы – Уфа каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
- Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
- Новосибирск – Тамчы – Новосибирск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).