Бизнеске айып пул салуунун кажети жок – Бишкектин вице-мэри бизнести санитардык эрежелерди сактоого үндөдү

Бизнеске айып пул салуунун кажети жок – Бишкектин вице-мэри бизнести санитардык эрежелерди сактоого үндөдү

Бишкек шаарынын вице-мэри жана шаардык эпидемияга каршы комиссиянын башчысы Виктория Мозгачева ишкерлерди, айрыкча коомдук тамактануу жайларынын ээлерин коронавирус ооруларынын кескин көбөйүшүн токтотуу үчүн санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Анын айтымында, учурда ишкерлерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар күчөп жатат, бирок инспекторлордун максаты ишкерлерге айып пул салуу эмес. Башкысы – бизнести санитардык талаптарга ылайык уюштурууга жардам берүү.

Вице-мэр бизнес тармагы иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылганда ишкерлер эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча милдеттенмелерди алышкандыгын, бирок учурда ал талаптар аткарылбай жаткандыгын айтып өттү.

Мозгачеванын айтымында, бардык мекемелер, эң көп дегенде 50%га чейин гана толушу керек, бардык кызматкерлер медициналык бет кап кийүүсү кажет жана келгендердин ортосунда аралык сакталышы шарт. Ушундай эрежелер сакталганда гана оорулардын көбөйүшүн токтотууга болот.

Вице-мэр кечки саат 23:00дөн баштап жумушка тыюу салуу чечимин барларда, сейил бактарда, клубдарда жана башка коомдук жайларда эпидемияга каршы эрежелер сакталбагандыгы жана ал жайларда адамдардын көптүгү менен түшүндүрдү.

Мозгачева ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн бардыгы эле мыйзам бузбагандыгын жана алардын ичинде ак ниет ишкерлер деле бар экендигин айтып өттү.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "