Эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу кафе-ресторандар 23:00гө чейин гана иштейт

Эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу кафе-ресторандар 23:00гө чейин гана иштейт

Бишкекте эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысын саат 23:00гө чейин чектөө чечими кабыл алынды. Чектөөлөр бүгүн 17-июнда күчүнө кирет.

Мындай чечим кечээ, 16-июнда шаардык эпидемияга каршы комиссиясынын отурумунда кабыл алынганын  мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Эми түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлары, кафелер, караоке жана барлар (анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан) 7:00дөн 23:00гө чейин гана иштеши керек.

Чектөөлөр тамак-аш жеткирүү кызматын көрсөтүү жана азык-түлүк сатуу тармагында иштегендерге тиешеси жок.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин аталган чектөөлөр күчүндө кала бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "