Республикалык штаб кыргызстандыктарды региондорго барууну токтото турууну сунуштайт
COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб жарандарга региондорго барууну чектөөсүн сунуштайт.
Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан КРнын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт.
Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат.
Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөгө үндөдү.
«Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан карманыңыздар», – деп айтылат кайрылууда.