Жаңы көйгөй – бир жумада эле малдын чөбү 1.5 эсеге кымбаттады

Жаңы көйгөй – бир жумада эле малдын чөбү 1.5 эсеге кымбаттады

Бир жуманын ичинде эле Кыргызстанда малдын чөбүнүн баасы кескин көтөрүлдү. Эң олуттуу өсүш Чүй облусунда байкалды, анда 7-июндан 14-июнга чейин бир таңгак чөп 1.6 эсеге (+90 сом), тагыраак айтканда, 160 сомдон 250 сомго чейин кымбаттаган. Мындай маалыматты Мамлекеттик монополияга каршы агенттик билдирди.

Жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Чүй облусундагы базарда иштегендердин айтымында, чөптүн орточо баасы – 250 сомду түзөт жана сатуу негизинен облуста өз муктаждыктары үчүн жүргүзүлөт.

Чөпкө болгон баанын өсүшү боюнча Чүй облусу алдыга чыкты. Мал багуучулардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн көпчүлүгү ушул аймакта топтолгондуктан, өсүш дароо 56%га көтөрүлгөн. Башка региондордо да чөптүн кымбатчылыгы байкалган, алсак: Таласта – 30%га, Баткенде – 22%га, Ысык-Көлдө – 14%га, Жалал-Абад облусунда – 11%га жана Ош шаарында – 10%га өскөн.

Ысык-Көл облусунда чөп негизинен Чүй облусуна ташылып, талаадан алынган баа 180-200 сом болсо, базарларда 240 сомдон сатылат.

Талас аймагынан чыккан чөп болсо, дыйкандардан талаадан сатып алынып, Казакстанга жөнөтүлөт. Казакстандагы кургакчылыктан улам чөптүн түшүмү начар болгондуктан, ушундай жапырт сатып алуу башталган. Базарларда чөптүн баасы – 215 сомду түзгөн.

Ош облусунда талаадан 240-250 сомдон сатылса, базардагы баа – 275 сомду түзөт.

Жалал-Абад облусунда базардагы орточо баа –  250 сом.

Баткен облусунда орточо баа – 275 сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "