КММ кымбаттап жатат – Кыргызстан бензиндин арзан баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 позицияга төмөндөдү
176 өлкөдөгү күйүүчү майга болгон бааны Global Petrol Articles аналитикалык ресурсу байкап турат. Алардын 14-июндагы маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 1 литр бензиндин орточо баасы 1.18 долларды түзөт.
Рейтингге ылайык, эң арзан бензин Венесуэлада – ал 0.02 доллар, ал эми эң кымбаты Гонконгдо – 2.505 доллар турат.
Жыл башында Кыргызстан рейтингде 11-орунду ээлесе, март айындагы рейтингде 15-орунга түшүп кеткен. 14-июнга карата жаңыланган маалыматтар боюнча, Кыргызстан 24-орунга түштү.
Коңшулардын арасында Казакстан менен Түркмөнстан тизмеде алдыңкы орунда турат. Россия болсо 26-орунда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы өсүп жатат. Жыл башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 35 сом, дизелдик отун 35.6 сом, ал эми суюлтулган газ 20.5 сомду түзгөн.
18-июнга карата, борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 бензининин орточо баасы 51 сомго чейин көтөрүлдү. Май куюучу жайларда дизелдик отундун орточо баасы 46.45 сом, суюлтулган газ 26.15 сомдун тегерегинде болууда.