БУУнун Тынчтык куруу фонду Кыргызстанга 10-15 млн доллар бөлөт

БУУнун Тынчтык куруу фонду Кыргызстанга 10-15 млн доллар бөлөт

БУУнун тынчтык куруу фонду Кыргызстанга жакынкы беш жылда 10дон 15 млн долларга чейин каражат берет. Тийиштүү документке БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш кол койду. Бул тууралуу Башкы катчынын жардамчысы Мирослав Йенчу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдиргенин КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы маалымдайт.

Гутерриш ошондой эле БУУнун КРнын жарлыктарын жана жоболорун КРнын  жаңы Конституциясына ылайыкташтырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жолугушуу 19-июнда Анталия Дипломатиялык форумдун алкагында өткөн. Сүйлөшүүнүн негизги темасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу, тынчтыкты орнотуу жана БУУ менен өз ара кызматташуу болду.

Министр КРнын түштүгүндөгү кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берип, республика бул маселени саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле Казакбаев жаңжал учурунда кыргыз тараптын адамдык жана материалдык чыгымдары жөнүндө билдирди. Ал белгилегендей, кыргыз тарап бардык калыбына келтирүү иштерин өз эсебинен жүргүзөт. Түштүктө кырдаал негизинен туруктуу болгону менен курч бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "