KOICA Кыргызстанды Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизди

KOICA Кыргызстанды Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизди

Корея Эл аралык кызматташтык Агенттиги (KOICA) Кыргызстанды Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу аталган организациянын президенти Хёк Санг Сон мырза КРнын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова менен жолугушуу учурунда билдиргенин КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

KOICA президенти ушул жылдын башында Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин маалымдап, долбоорлорду ишке ашырууда көп тармактуу ыкмаларды колдонуу керектигин баса белгиледи.

Элчи Динара Кемелова айылдарды жана аймактарды, айыл чарбасын, билим берүүнү, санариптештирүүнү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын автоматташтырылган шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана элди таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Маектешүүчүлөр адамдык ресурстардын жана инфраструктуранын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашып, COVID-19 пандемиясы жайылуу шартында саламаттыкты сактоо, маалыматтык технология, билим берүү жана адистерди даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "