Кыргызстанда доллар 84.8 сомго көтөрүлдү
Кыргызстанда доллар акырындап көтөрүлүп баштады. Бишкекте бүгүн 23-июнга карата америкалык валютанын орточо сатуу курсу – 84.8 сомго чейин жетти.
valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында саат 9:10до доллар 84.7 — 84.75 сомдон сатылып, 84.4 — 84.6 сомдон алынды.
Ошол эле учурда, акча алмаштыруу жайларында америкалык валютанын эң жакшы сатуу курсу – бир долларга 84.7 сомду түздү.