Кыргызстандык Эркин Адылов негиздеген компания Forbes басылмасынын мыкты финтех-компанияларынын тизмесине кирди

Кыргызстандык Эркин Адылов негиздеген компания Forbes басылмасынын мыкты финтех-компанияларынын тизмесине кирди

Goldman Sachs биржасынын мурдагы аналитиги жана хедж-фондунун менеджери Эркин Адылов негиздеген Behavox компаниясы Forbes басылмасынын версиясы боюнча «2021-жылдын 50 мыкты финтех-компаниясынын» тизмесине кирди.

Коронавирус пандемиясы банк бөлүмдөрүнүн  жабылышына жана Уолл-Стриттин бир кезде дүрбөлөң болгон базарларынын ээн калышына чейин, бүтүндөй каржы бизнесин санариптештирүү кызуу жүрүп жаткан. Фонддук рынок учурда дээрлик толугу менен электрондук форматка өттү жана Уолл-Стриттин көпчүлүк маанилүү компаниялары ири банктарга, жеке менчик компанияларга жана хедж-фонддорго күн сайын маалыматтарды, жабдууларды жана программаларды берип турушат. Ошентип, Covid пандемиясы компанияларга бизнести санариптештирүүгө эң чоң түрткү берди деп билдирет жогоруда аталган басылма.

«Behavox маалыматтарды көзөмөлдөөнү каалаган банктар, хедж-фонддор жана жеке капиталдык компаниялар үчүн оптималдуу тандоо болуп калды, анткени учурда бардык персоналдардын соодалашуусу жана байланышуусу санарип түрүндө өтүүдө. Жети жыл мурда кыргызстандык Адылов негиздеген Behavox компаниясы электрондук почта, үн билдирүүлөрүн көзөмөлдөө жана сактоо үчүн алгоритмдерди жана маалымат мониторингдерин колдонот. Бул система ири банктарды коргоого жана базардагы каражат манипуляцияларын, инсайдердик соода жана интеллектуалдык менчикти уурдоо сыяктуу көйгөйлөрдөн сактоо үчүн иштелип чыккан», – деп жазат Forbes басылмасы.

Компания Forbes басылмасынын 2021-жылдагы 50 мыкты финтехникалык компаниялар версиясы боюнча, келечеги кенен жеке менчик финтех-компаниялардын катышуучуларынын бири болуп саналат.

«Бул тизмедеги компаниялар адамдардын акчаларын сарптоо, сактоо жана инвестициялоо ыкмаларын түп-тамырынан бери өзгөртүп жатышат. Инновация Уолл-Стритте жаңы базарларды ачат, натыйжалуулукту жогорулатат жана мурда жөнгө салынбаган иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», – деп айтылат Forbes басылмасынын макаласында.

Маалымдама

Behavox Уолл-Стритке пандемия учурунда аралыктан иштеген соодагерлерди көзөмөлдөөгө жардам берди. Behavox банктардан жүз миңдеген долларларды корпоративдик лицензияларга ээ кылат, ошондуктан алардын көзөмөл бөлүмдөрү трейдерлерди инсайдердик соодалашууну, базардагы манипуляцияны, ал тургай, купуя маалыматтардын чыгып кетиши сыяктуу коркунучтарды көзөмөлдөп турат. Жасалма интеллект алгоритмдери электрондук почта жана маектешүү маалыматтарын көрсөтөт, ал эми үн биометрикалык системасы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө телефон чалууларды көзөмөлдөй алат.

Каржылоо: 175 млн доллар (SoftBank), Citigroup, Index Ventures ж.б.

Акыркы баасы: 300 млн доллар

Негиздөөчүсү: Эркин Адылов (38 жашта), Кыргызстандын атуулу, Goldman компаниясынын мурдагы аналитиги жана хедж-фонддун башкаруучусу

 

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "