Садыр Жапаров экономиканы талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрү менен жолугат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жана ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот.
Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.
Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тестин тапшырышкан.