Депутаттар Улуттук Банктан 2020-жылдын отчетун алышты
Кечээ, 23-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук Банктын төрагасы 2020-жылдын отчетун берди.
Болгону 10 депутат Улуттук Банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловго суроо беришти. Парламент Абдыгуловдун жоопторун канааттандырарлык деп тапты.
84 депутат «макул», 1 «каршы» добуш берди.