«Эйр Манас» авиакомпаниясы Грузияга жаңы аба каттамын ачты
«Манас» эл аралык аэропортунан Батумиге (Грузия) түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирет.
Бишкек-Батуми-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды «Эйр Манас» авиакомпаниясы ишке ашырмакчы. Жаңы каттам 2021-жылдын 17-июлунан баштап, жумасына бир жолу (ишемби) жүргүзүлөт.