Кыргызстанда КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмеси кыскарышы мүмкүн
Учурда дээрлик бардык дары-дармектер жана айрым медициналык буюмдар импортто КНСтен бошотулган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тизмени кыскартууну сунуштоодо. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Бул тизмеге 432 аталыштагы дары-дармектер жана 59 медициналык буюмдар киргизилген.
Бирок, жеңилдетилген салыкка карабастан, дары-дармектердин баасы жогору бойдон калып келет, ал тургай, кымбаттоо тенденциясына жакын. Ведомстводон билдиргендей, 2020-жылы КРнын аймагына алып келүү жана импорттоодо КНСтен бошотуу көлөмү 2 млрд 678 млн сомду түзгөн.