Кыргызстанда жашылча-жемиштер бир айда 16%га кымбаттады
Кыргызстанда жашылча-жемиштер бир айдын ичинде 16%га кымбаттады. Бул тууралуу Улутстатком маалымдайт.
Июнь айында май айына салыштырмалуу жашылчалардын баасы 20%га, мөмө-жемиштердин баасы 6%га жогорулады. Эң жогорку баа сабизге (дээрлик 2 эсе), картошкага (36%), өрүккө (2 эсе) жана алмага (15%) туура келген.
Сабиздин баасынын эң көп көтөрүлүшү Баткенде (кг 77.4 сом) жана Нарында (75.5 сом) жана Бишкек шаарында (75.1 сом) байкалган.
Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда орто эсеп менен сабиз 44.1 сомго кымбаттады.